Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Anasayfa Haberler

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Image

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло 26-августта ОшМУга үчүнчү ирет иш сапары менен келди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Кудайберди Кожобековго Европа Биримдиги менен кызматташууга жана аны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык сертификаты тапшырылды.

Жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы биргелешкен долбоорлор, студенттер, окутуучулар үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр, ОшМУ менен Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Өзгөчө Erasmus+ программасынын алкагындагы мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурулду. Бул программа аркылуу ОшМУнун студенттери, окутуучулары чет өлкөлөрдө билим алып, академиялык мобилдүүлүккө катышып, эл аралык тажрыйба топтой алышат.

Мындан тышкары Европа кино фестивалын өткөрүү маселеси да талкууланды. Европа Биримдиги менен ОшМУнун биргелешкен долбоору катары уюштурулуп жаткан фестивалды октябрь айынын соңунда Ош шаарында өткөрүү пландалууда. Үч күнгө созула турган иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө беш тасма тартууланат.

Тараптар мындан ары ОшМУ менен европалык жогорку окуу жайлардын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча пландарды талкуулашты.

ОшМУ менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана студенттер менен окутуучулардын эл аралык билим берүү мейкиндигине активдүү катышуусуна шарт түзүп келет.

fotoğraf Galerisi