ОшМУнун 23 студенти кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча Казакстандан окуусун улантат

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 23 студенти кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча Казакстандан окуусун улантат

Image

19 бакалавриат жана магистратурада билим алып жаткан төрт  студент Казакстандагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча окуусун улантат. 

Студенттерди узатуу аземи 24-августта Ош мамлекеттик университетинде өттү. Иш-чарага Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулу Карибай Мухтар Ахат уулу, проректор Элзар Эшаров, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору Олжобай Шаимкулов, Евразия улуттук университетинин ОшМУдагы филиалынын директору Айнура Найманбай, программа жетекчилери, ата-энелер жана студенттер катышты. 

Жолугушууда кош дипломдуу билим берүү программасынын эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү мааниси айтылды. Аталган программа студенттерге Кыргызстан жана Казакстанда окуп, эки диплом алууга мүмкүнчүлүк берет. 

Учурда Ош мамлекеттик университети менен Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ортосунда төрт бакалаврдык жана эки магистрдик кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча келишим түзүлгөн. Учурда 104 студент билим алып жатат. Мындан тышкары 2025–2026-окуу жылында 15 студент окуусун ийгиликтүү аяктаган. Алардын алтоо орус тили, тогузу англис тили багыты боюнча билим алышкан. Анын ичинен алты студент артыкчылык диплом менен бүткөн. 

 

fotoğraf Galerisi