Тигүү ишканаларын экспортко чыгаруу боюнча практикалык семинар өттү

Anasayfa Haberler

Тигүү ишканаларын экспортко чыгаруу боюнча практикалык семинар өттү

Image

27–28-февраль күндөрү ОшМУнун Бизнес Парк базасында «Выход швейных предприятий на экспорт: от готовности к контракту» аттуу эки күндүк практикалык семинар уюштурулду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, университеттин экономика, бизнес, IT жана жеңил өнөр жай багытындагы студенттери, тигүү тармагындагы окутуучулар, жаш ишкерлер катышты. Семинарда катышуучуларга экспортко чыгуу этаптары жана даярдык процесси боюнча практикалык маалыматтар берилди. Атап айтканда, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы (ТНВЭД) коддорун аныктоо жана укуктук талаптар, маркетплейстерде сатуу өзгөчөлүктөрү, анын ичинде Wildberries платформасында иш алып баруу, электрондук эсеп-фактура (ЭСФ) жана жеке ишкер (ИП) катары катталуу тартиби, таңгактоо, маркировка жана сертификация талаптары, бренд түзүү жана аны Кыргызпатент аркылуу коргоо, кыргыз компанияларынын маркетплейстерге чыгуудагы практикалык тажрыйбасы.

Эки күнгө созулган семинар тигүү тармагындагы ишкерлерди, стартаперлерди, студенттерди экспорттук контракт түзүүгө даярдоо жана продукцияны эл аралык рынокко чыгаруунун механизмдерин түшүндүрүү максатында өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз экспорт борбору менен биргеликте уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi