ОшМУда "Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” диалогу өтүп жатат

Anasayfa Haberler

ОшМУда "Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” диалогу өтүп жатат

Image

Иш-чарага жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорунун аймактарынан аял-депутаттар, активист аялдар, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Аял-депутаттар форумунун мүчөлөрү, КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү,  жарандык коомдун жана өнүгүү институттарынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Максаты узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыздаган натыйжалуу ыкмаларды издеп табууда жаңжалдарды чечүү жолдору боюнча көз караштарын, пикирлерин билдириши үчүн жабыркаган аймактан келген аялдарга аянтча түзүп, алар менен бетме-бет баарлашуу болуп саналат.

Диалогду Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен өнөктөштүктө уюштурулууда.

fotoğraf Galerisi