Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында “Эки өлкө ортосунда 2025–2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү планды бекитүү жөнүндө” жогорку деңгээлдеги мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюлду.
Жыйында өлкө башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө,
Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын Л. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылдыгын. Бул аракеттер элдерибиздин достугу менен ынтымагын, мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
Өз кезегинде президент Касым-Жомарт Токаев: “Былтыр Кыргызстан президентинин Казакстанга болгон сапарында бир катар макулдашууларга жетиштик. Анын негизинде Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалы ачылды. Мындан тышкары, Казакстан Өкмөтү кыргыз студенттери үчүн 50 билим берүү грантын бөлдү. Кийинки жылдан тартып бул сандын 60ка жеткирүү пландалууда,”– деп, билим берүү тармагындагы өнөктөштүк менен маданий алакаларды чыңдоонун маанисине токтолду.