ОшМУнун окутуучулары эмчек рагын алдын алуу боюнча эл аралык долбоорго катышууда

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окутуучулары эмчек рагын алдын алуу боюнча эл аралык долбоорго катышууда

Image


 
ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин деканы Роман Калматов баш болгон төрт окутуучу — Аида Келдибекова, Жылдыз Тойчуева, Жайнагүл Абдирасулова жана Мээримгүл Бусурманкул кызы «Кыргызстандагы жаштар арасында эмчек рагын алдын алуу боюнча Польша тажрыйбасы» деп аталган RITA эл аралык долбооруна катышып жатат.

Алар 19-августта долбоордун координаторлору Александр Скалий жана Татьяна Скалий менен онлайн жолугуп, долбоордун максаттары жана милдеттери, ишке ашыруунун этаптары, уюштуруу маселелери, 2026-жылдын апрелине чейин долбоордук иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. Мындан сырткары рак илдетин алдын алуудагы негизги факторлор, аялдардын саламаттыгын сактоодогу билимдин ролу жана өз алдынча текшерүүнүн мааниси белгиленди. Ошондой эле эл аралык тажрыйбаларга таянып, калкты маалымдоо жана алдын алуу иштеринин ыкмалары сунушталды.

Долбоор Польша–америкалык эркиндик фонду тарабынан жана Region in transition (Аймактардагы өзгөрүүлөр) программасынын алкагында ишке ашууда. Негизги өнөктөш Быдгощ шаарындагы Экономика университети (Wyższa Szkoła Gospodarki). Ал эми долбоордун аткаруучусу AZS WSG коому.

Долбоор эмчек рагын алдын алуу боюнча польша методикасын киргизүү, студенттерге өз алдынча текшерүү көндүмдөрүн үйрөтүү жана Ош облусундагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө максатталган. Ал төрт этап менен ишке ашат. Биринчи бөлүгүндө ОшМУнун окутуучулары ушул жылдын 14-19-сентябрында Польшадагы Быдгощ шаарында окутуудан өтөт.

fotoğraf Galerisi