ОшМУнун докторанттары Токио шаарында окуу жана тажрыйба алмашуу программасынан өтүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун докторанттары Токио шаарында окуу жана тажрыйба алмашуу программасынан өтүштү

Image

Жапон-кыргыз илимий кызматташтыгынын алкагында ишке ашып жаткан SATREPS  долбоорунун алкагында, JICA Кыргызстан уюмунун колдоосу менен 19-июндан  4-июлга чейин ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин PhD  докторанттары, изилдөөчүлөр Азиза Сеитова жана Айжан Мурзалиева Япониянын Токио шаарындагы Илим институтунда окуудан өтүштү.

Окутуу программасы эпидемиология жана саламаттык сактоо системасындагы коммуникация багыттарына арналган. Лекциялар жана практикалык сабактар Токио Илим институтунун профессорлору тарабынан өтүлүп, катышуучуларга эл аралык деңгээлдеги изилдөөлөр менен таанышууга жана тажрыйба алмашууга шарт түзүлдү.

Мындан тышкары, аталган долбоордун илимий изилдөө тобунун мүчөсү, доцент Айгүл Момунова да программанын алкагында Японияда болуп, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана келечектеги илимий долбоорлорду талкуулоо боюнча жолугушууларга катышты.

Белгилей кетсек, ОшМУ менен Жапониянын Токио илим институту биргеликте “Спутниктик маалыматтарга, аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ОшМУнун базасында абанын булганышын изилдеген IRCAPS илимий борбору түзүлөт. Борборду Жапония тарап каржылап, зарыл болгон жабдуулар менен камсыздайт. Анда кир абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири иликтенет.

 

fotoğraf Galerisi