11-июль күнү Ош мамлекеттик университетинде "БИОМ" экологиялык кыймылы, ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг Борбору, “Каниет” реабилитациялык борбору жана “Тынчтык куруучу аялдар” уюму Европа Биримдигинин колдоосу менен экологиялык төгөрөк стол өткөрдү. “Ош шаарындагы жашыл аянттарды коргоо боюнча мониторинг жана эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары: талдоодон аракетке” деген аталыштагы төгөрөк столго шаардык кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада Оштогу жашыл өсүмдүктөрдүн абалына жасалган фитопатологиялык жана медициналык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары, шаарды жашылдандырууда колдонулуп жаткан чечимдердин таасири жана мыйзамдык база талданды. Мониторинг жүргүзүүчү топтун башчысы Абдижапар Аккулов белгилегендей, шаарда авариялык абалдагы бак-дарактардын көбөйүшү, чет өлкөдөн алып келинген түрлөрдүн орду жана жергиликтүү, символикалуу өсүмдүктөрдү көбөйтүү зарылчылыгы чоң көйгөй бойдон калууда.
Жыйындын жүрүшүндө жашылдандыруу маселелери жалпы коомдук жоопкерчилик экендиги белгиленип, шаардыктарда экологиялык аң-сезимди жана жоопкерчилик маданиятын өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди.