ОшМУнун студенттери Орусияда өткөн эл аралык кинофестивалда жеңишке жетишти

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенттери Орусияда өткөн эл аралык кинофестивалда жеңишке жетишти

Image

ОшМУнун  Тарых-юридика институтунун соттук экспертиза багытында билим алып жаткан студенттери Орусиянын Красноярск шаарында өткөн эл аралык студенттик кинофестивалда ийгиликке жетишти.

Юридикалык илимдердин доктору, профессор В.Е. Корноуховдун ысымын алып жүргөн «Грани следствия» аттуу кинофестиваль быйыл онунчу ирет өткөрүлүп, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген студенттердин чыгармачыл фильмдери тартууланды. Иш-чара Красноярск агрардык университетинин Юридикалык институту тарабынан уюштурулуп, криминалистик циклдеги дисциплиналарды өздөштүрүп жаткан студенттер үчүн билимди чыгармачылык менен айкалыштыруу максатын көздөдү.  

ОшМУнун «Жаш криминалисттер» командасы даярдаган видео-долбоор «Сапаттуу диалогдор» номинациясында жеңүүчү деп табылып, атайын кубок жана диплом менен сыйланышты. Бул номинация тергөө жана соттук процесстердеги кесипкөйлүк, логикалык сүйлөө, так жана таасирдүү баарлашуу жөндөмдөрүн чагылдырууга багытталган.

Фестивалда Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Монголия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү тарткан фильмдер көрсөтүлдү. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, бул фестиваль студенттер үчүн жөн гана чыгармачыл мелдеш эмес, ошол эле учурда алардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн практикалык тажрыйба аянтчасы болуп саналат.

 

fotoğraf Galerisi