“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык ОшМУнун кыргыз-түрк факультетинин деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун №1607 буйругу чыгып, уюштуруу комитети түзүлдү.
Уюштуруу комитетинин төрагасы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору п.и.к, доцент Замирбек Божонов.
Кыргыз-түрк факультетинин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун окумуштуу катчысы Дж.Асанбекова, ОшМУнун укук иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы А.А.Мойдунов, Кыргыз-түрк факультетинин социалдык, экономикалык дисциплиналар жана компьютердик инженерия кафедрасынын башчысы Ө. Имаралиев, Кыргыз-түрк факультетинин кесиптик бирлигинин төрагасы Д. Заиров бар.
Комиссиянын чечимине ылайык талапкерлерди каттоо 25-май күнү саат 17-00гө чейин жүргүзүлөт. Кыргыз-түрк факультетинин деканын шайлоо 28-май күнү өтөт.
ОшМУнун Кыргыз-түрк факультети 2018-жылдын 25-майында Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунда кабыл алынган чечиминин жана университеттин ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругунун негизинде ачылган. Факультетте программалык инженерия, туризм, реклама жана коомчулук менен байланыш, экономика, режиссура адистиктери бар. Кыргыз-түрк факультетин 2018-жылдан тартып саясий илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Козукулов жетектеп келген.