Профессор Каныбек Исаковдун элесине арналган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Anasayfa Haberler

Профессор Каныбек Исаковдун элесине арналган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Image

ОшМУда мурдагы Билим берүү жана илим министри, ОшМУнун мурдагы ректору, маркум Каныбек Исаковдун элесине арналып уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. 

Сынак “Мыкты окуу китеби”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмо”, “Мыкты видео сабак”, “Мыкты илимий монография”, “Мыкты көргөзмө куралдар/слайддар” багытында жүрүп, ага республиканын бардык жогорку жана орто окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынан 50дөн ашуун эмгектер келип түшкөн.

9-февралда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынак окуу жайдын Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасы тарабынан демилгеленип уюштурулган.

fotoğraf Galerisi