Ветеринардык клиника

Üniversite Yapı Ветеринардык клиника

Ветеринардык клиника

ОшМУнун Ветеринардык клиникасы 2023-жылы ачылган. 2025-жылдын апрель айында клиника кайра каттоодон өтүп, «ОшМУнун Ветеринардык клиникасы» мекемеси статусуна ээ болду. Клиника практикалык жана илимий-билим берүү базасы катары ийгиликтүү иштеп, сапаттуу кызматтарды көрсөтүп, жогорку квалификациялуу ветеринардык адистерди даярдоого салым кошууда.

Негизги ишмердүүлүк багыттары:

  1. Үй жана чарба жаныбарларына профилактикалык, диагностикалык жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү;
  2. Калкка жана уюмдарга акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтарды көрсөтүү;
  3. Ветеринардык медицина факультетинин студенттеринин окуу-практикалык даярдыгына катышуу;
  4. Ветеринардык медицина жана биотехнология тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
  5. Жаныбарларды диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүү.

Клиниканын кызматкерлери:

  • Клиниканын башчысы — Кадыров Бакытбек Жолонович
  • Ветеринардык дарыгер — Асилбек уулу Адилет
  • Ветеринардык фельдшер — Легкоступова Амалия
  • Санитардык-техникалык кызматкер — Тороева Орозгул Эркебаевна

Байланыш номерлери: 0554 01-00-04  0776 16-42-03
Дареги: Ош шаары, Н. Исанов көч., 79/2а

Санитардык нормаларды сактоо үчүн 2024-жылдын 3-апрелиндеги №382 келишиминин негизинде «Эндомед УМО» компаниясы менен медициналык калдыктарды чогултуу, ташуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөн.

Клиника төмөнкү документтерди алган:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинен Лицензия №0000957;
  • Өндүрүштүк максаттарда баңги заттарын жана психотроптук каражаттарды сатып алуу, сактоо жана колдонуу боюнча Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк №314899-3310-У-е.
fotoğraf Galerisi