Аспирантура

Аспирантура

ОшМУнун аспирантура бөлүмү 1991-жылы 22-августта Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин №399/1 буйругу менен ачылган.

Ошол учурдан баштап, бөлүмдүн  башчылары болуп физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.О. Осмоналиев, филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Мамытов, философия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М. Сулайманов жетектеген. 2000-жылдын октябрь айынан баштап структура илим жана аспирантура бөлүмү түзүлүп, жетекчилери болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент В.К. Сабирова, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч. Өскөнбаев,  ага окутуучу М.М. Садырова, психология илимдеринин кандидаты, доцент  А.З. Закиров, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент  Г.М. Анарбаевалар  2023-жылдын октябрь айына чейин эмгектенип келишкен. 

Аспирантура  ачылгандан бери анын 1000ден ашуун бүтүрүүчүсүнүн 800дөн ашууну кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошкон.

Көп жылдан бери илим жана аспирантура бөлүмүн ийгиликтүү жетектеп келген доцент Г.М. Анарбаеванын илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодогу үзүрлүү ишмердүүлүгүн баса белгилөөгө болот. Анын жигердүү иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылы ОшМУнун аспирантурасына         15 тармак боюнча 101 адистикке Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп лицензия берилди. Ал тарабынан 2014-жылдан бери университетте жыл сайын үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү  өткөрүлүп келе жаткан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык студенттик илимий конференция   салттуу иш-чара болуп эсептелет.       

Учурда Ош мамлекеттик университетинде аспирантурада 300гө жакын аспирант окуп жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Учурда университетте аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 115 окумуштууну түзөт, анын ичинен 110 окумуштуу илимдин доктору, профессорлор, 5 окумуштуу илимдин кандидаты, доценттер. ОшМУдагы 45 илимдин доктору, профессорлор, 2 илимдин кандидаты, доценттер аспиранттарга илимий жетекчилик кылышат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 65 илимдин доктору, профессорлор,  3 илимдин кандидаты, доценттер илимий шакирттерди  даярдашууда. Алардын арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана  мүчө-корреспонденттери бар.

Иш-чаралардын бир багыты катарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан эл аралык, республикалык, аймактык  конференциялардын,  тренинг-семинарлардын, тегерек столдордун циклин белгилөөгө болот. Ошону менен бирге аспиранттар, изденүүчүлөр жана илимдин жаш талапкерлери үчүн “Илимий изилдөөлөрдүн негиздери”, “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы”, “Илимий иш-аракеттерди баалоонун жаңы критерийлери”, “Web of sсience, Scopus системаларына илимий  эмгектерди жарыкка чыгаруу”  ж.б. темалардагы жана Жаш окумуштуулар мектебинин жайкы 3 күндүк  тренинг-семинарларынын цикли ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу борборунда жыл сайын  өткөрүлөт.

Ошону менен бирге, студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, өткөрүү, көзөмөлдөө жана координациялоо иш-аракеттери да аткарылып келет. Университетте 2014-жылдан бери Аспирантура бөлүмү тарабынан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция үзгүлтүксүз ийгиликтүү өткөрүлүп келет жана алардын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын атайын сандарында  жарык көрөт.

Аспирантуранын ишмердүүлүгү “2023-2026-жылдарга «Ош мамлекеттик университетин туруктуу өнүгүүнүн модели» стратегиялык өнүктүрүү программасындагы” илимий  ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын ишке ашыруу, эл аралык  илим мейкиндигине интеграциялануу иш-аракеттеринин үстүндө максатка багытталган, комплекстүү иш-аракеттердин  системасы  аткарылууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

fotoğraf Galerisi