ОшМУнун 22 студенти Андижан мамлекеттик университетинен окуп келишти

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 22 студенти Андижан мамлекеттик университетинен окуп келишти

Image

ОшМУнун 22 студенти 26-апрелден 16-майга чейинки аралыкта Андижан мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишти. 

ОшМУнун түрдүү факультеттеринен барган 1-2-3-курстун студенттерин окуу жай жылуу кабыл алышкан. Студентер билим алуу менен биргеликте элдин каада-салты менен таанышып, жергиликтүү эс алуучу жайларды кыдырып, музейлеринде болушкан.

“Биз  билим, тажрыйба алуу менен биргеликте Андижан облусунда өткөн  «Маданият жана жаштар айлыгына» да катыштык. Окуу жайдын ректору, профессор Акрамжон Юлдашев менен  жолугуп, университеттин музейинде болдук. Ректордун  кечки сый тамагынан да даам сыздык. Бизге окуу жайдын тарыхы камтылган китептерди белекке беришип, окугандыгыбыз тууралуу сертификаттарды тапшырды. Жаштар комитети менен да тыгыз иштешип келдик, жакынкы күндөрү студенттер биздин окуу жайга конок катары келишет”, -деди ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти, факультеттин жаштар комитетинин төрайымы Курманбекова Жанара. 

 

Фото галерея