Profesör Keldibay Alımkulov yeni Fahri Akademisyen oldu

Anasayfa Haberler

Profesör Keldibay Alımkulov yeni Fahri Akademisyen oldu

Image

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Келдибай Алымкуловго Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы президиумунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу Академик наамы ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, “Кыргыз Республикасынын  илимине эмгек сиңирген ишмер”,  профессор Алымкулов Келдибай Алымкулович 1991-жылы докторлук диссертациясын Москвада  СССР  Илимдер Академиясынын  Стеклов атындагы  Математика  институтунда коргогон. Болгария (Варна), Венгрия (Будапешт), Польша (Варшава),Таиланд (Бангкок), Греция (Самос- Пифагор аралы), Швеция (Стокгольм), Короея (Сеул), Россия (Москва, Новосибирск, Нальчик, ж.б.), Украина (Киев, Черновцы, Тернополь), Казахстан (Алматы, Астана), Өзбекстан (Ташкент, Самарканд), Азербайжанда (Баку) өткөн илимий симпозиумдарда, конференцияларда илимий докладдарын окуган. Тогуз (Иманалиев Т.М., Туркманов Ж., Сыдыков Т., Жээнтаева Ж.К., Белеков К.Ж., Абдуллаева Ч.Х., Халматов А.А., Омуралиев М.К., Азимов Б.А.) илимдин кандидаттарын жана эки илимдин докторун (Турсунов Д.А., Кожобеков К.Г.) даярдап чыгарган мыкты устат. 1  илимий монографиясы, 150дөн  ашуун илимий макалалары жарык көргөн.  2008-жылы ОшМУнун алдында кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча дифференциалдык тендемелер,  геометрия жана  топология боюнча адистиктери боюнча атайын Адистештирилген диссертациялык Кеңешти ачып, 2015-жылга чейин жетектеп келген.  Учурда Улуттук Илимдер Академиясынын  математика  институтунун жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы докторлук диссертацияларды коргоо боюнча Д 01.19.598 Диссертациялык Кенешинин мүчөсү.

Агай Американын,  Европанын Математикалык Коомдорунун,  Америка  Математиктер Ассоцациясынын,  Индустриалдык жана колдонмо математика  коомдорунун мүчөсү. “Америкалык  Математика жана  статистика”  журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан математиктер коомунун Вице-президенти.

Сизге жалпы жамааттын атынан узун өмүр,  бекем ден-соолук тилейбиз,  илимдеги изденүүлөрүңүзгө ийгиликтерди каалайбыз.

Фото галерея