Туркияда өткөн медиафорумга ОшМУдан өкүлдөр катышты

Anasayfa Haberler

Туркияда өткөн медиафорумга ОшМУдан өкүлдөр катышты

Image

Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өткөн  “Түптөлгөн тамыр-бекем келечек” аттуу медиафорумга окуу жайдын  Журналистика  кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова жана студент Айганыш Туратбек кызы барып катышып келишти.

Медиа форум  Түркия президентинин алдындагы коммуникациялар башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Ага  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайджан, Туркменистан жана Түндүк Кипр өлкөлөрүнөн  окумуштуулар, журналисттер, медиа кызматкерлер жана студенттер катышты.  

Медиа форумда Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын бүгүнкү күнү жана келечеги, андагы көйгөйлөр талкууланып, коноктор баяндамаларды жасашты. Иш-чара Түрк дүйнөсүнүн  эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.

Сапардын алкагында коноктор үчүн Стамбул шаарынын тарыхый эс алуучу жерлерине, музейлерине  жана Мармара деңизине саякаттар уюштурулду.

Фото галерея