ОшМУда Европа Биримдигинин элчисинин катышуусунда бир катар иш-чаралар өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда Европа Биримдигинин элчисинин катышуусунда бир катар иш-чаралар өттү

Image

27-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфлонун катышуусунда бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Алгач элчи студенттерге конок лекциясын окуп, эл аралык кызматташтык жана маданий байланыштар тууралуу маалымат берди. Жолугушууда жаштар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Андан соң Европа кинофестивалынын алкагында «Жаштар жана университет күнү» уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө чоң жыйындар залында венгриялык «Semmelweis» тарыхый драмасы көрсөтүлдү. 

Кино көрсөтүүдөн кийин панелдик талкуу уюштурулуп, фестивалдын жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле иш-чараны өткөрүүгө активдүү катышкан студенттер сыйланды.

Фестиваль жаштардын маданий кызыгуусун арттырууга, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кино өнөрү аркылуу маданияттар аралык түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталды.

Иш-чаранын соңунда Реми Дюфло ыктыярчы студенттерге ыраазычылык сертификаттарын тапшырды.

 

fotoğraf Galerisi