Жаңы окуу жылына ректордун кайрылуусу

Anasayfa Haberler

Жаңы окуу жылына ректордун кайрылуусу

Image

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!

Ардактуу студент достор!

Окуу жайыбыздын гимназия-лицейлеринин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун окуучулары!

Билимин, акыл-эсин жаштарга арнап, университетибиздин өнүгүшүнө салымын кошуп келе жаткан устаттарыбыз, агай-эжейлерибиз, студент досторубуз баарыңыздарды 15-сентябрь – жаңы окуу жылынын ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын.
         Быйылкы окуу жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин белгилөө менен башталып отурат. Ош мамлекеттик университети да элибиздин кубанычына салым кошуп, журт кыйналса кыйынчылыгын кошо тартып, калкыбызга руханий дем күч, шыктануу берип, мезгил менен тең жарышып, бараандуу жетишкендиктер менен келди.

Кирип келген жаңы окуу жылы жемиштүү жылдардан болсун, узап бараткан 2020-2021-окуу жылы ОшМУга жаңы өсүү тепкичтерин алып келген жыл болду. Бул жылга саресеп сала турган болсок эл аралык рейтингдин жыйынтыгы боюнча  "НААР Евразия көп тармактуу университет сыйлыгы-2021"  категориясында окуу жайыбыз мыкты деп табылып,  Евразияда ТОП-10, Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 5 университеттин бири аталды. Бул университеттин ар бир кызматкеринин көп жылдан бери жасап келе жаткан эмгегинин үзүрү деп айтар элем.

“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2021” программасынын жыйынтыгы боюнча  ОшМУ жалпы генералдык рейтингде 4-ирет 1-орунду ээледи.

 Эл аралык байланыштарыбыз күн санап кеңейип, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында  Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен эки тараптуу келишиминин негизинде Кыргыз-Россия факультети ачылып, аймак таануу, филология, математика жана компьютердик илимдер багыттарында студенттер билим алууда. Ал эми Урал мамлекеттик медициналык университети менен  дарылоо иши, стоматология жана педиатрия адистиктери боюнча кош дипломдуулук программасы жөнүндөгү келишимге кол коюлду.  Ошондой эле И.Я. Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети, Н.Н. Бурденко атындагы Воренеж мамлекеттик медициналык университети жана  Урал мамлекеттик педагогикалык университети менен да эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Мындай иш-аракеттердин натыйжасында, соңку 10 жыл аралыгында ОшМУга 10 млн $ ашуун инвестиция тартылды жана бул багытта иштиктүү жумуштар уланууда.

Ал эми санариптештирүү багытында окуу жайда ички электрондук документ айлантууну жүргүзгөн Edoc программасы учурда мыкты жыйынтык берип, иштеп жатат.

ОшМУда санариптик чөйрөнү жакшыртуу максатында “Электрондук табель”, “Онлайн тест системасы”, “Электрондук өздүк баракча”, “Электрондук архив” программалары иштелип чыгып, бүгүнкү күндө күнүмдүк университеттин турмушунда колдонулуп жатат.  Учурда университеттин ички базасы “Түндүк" тутуму аркылуу башка мамлекеттик ведемостволор, мекемелер менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашууга толук даяр.

Жаны окуу жылынын алдынан Ак-Буура кампусундагы Медицина факультети үчүн 2 окуу корпусун ачып, пайдаланууга бердик. ОшМУнун эл аралык жогорку билим берүү мектеби үчүн курулган окуу имарты пайдаланууга берилгени турат. Ал эми ОшМУнун “Билим” лицейинин курулушу башталып, университеттин №2 жатаканасы эл аралык стандарттагы, жаңы, заманбап капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Алдыдагы стратегиялык максатыбыз 2024-жылга чейин дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү. ОшМУну Борбор Азиядагы  эң алдынкы 3 университеттердин бирине айландыруу болуп аныкталган. Бүгүн жасап жаткан иш аракеттерибиздин натыйжасында алдыга койгон бир топ программаларыбыз ишке ашты. Биз Сиздер менен биргеликте быйылкы окуу жылында да жаңы идеяларды, мүмүмкүчүлүктөрдү, демилгелерди ишке ашырабыз. Ал үчүн бизде 80 жылдан ашуун убакыт аралыгында топтолгон илимий, руханий, педагогикалык потенциалыбыз бар.

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!

Ардактуу студент достор!

         Ар бириңиздердин ден соолугуңуздар бекем,  үй-бүлөңүздөр аман болсун! Өлкөбүз өнүгүп-өссүн,  жүрөктөрдө орун алган асыл тилектер орундалсын! Ардагер агай-эжекелерибиз  акыл-насаатын айтып, ак тилек менен алакан жайып батасын берсин! Орто муун билекти түрүп алдыда койгон амбициялык пландарыбыздын ишке ашышына салым кошсун! Жаштарыбыз жакшы тилегин айтып, күжүрмөн, мээнеткеч сапаттары менен илим, билим берүүдө чыныгы жоокер болуп мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкондордун сап башында болсун! Студенттерибиз, окуучуларыбыз татыктуу билим алып, элибиздин эртеңин ойлогон адамгерчиликтүү, компотенттүү, заманбап адис болуп тарбиялансын!

Жаңы окуу жылы ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө бакыт, ишибизде көптөгөн ийгиликтерди алып келсин.

                                                                                                                                                                                                                                                               Сиздерди терең урматтоо менен,

                                                                                                                                                                                                                                                                Ош МУнун ректору, профессор                    Кудайберди Кожобеков