Anasayfa Haberler

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жамааты тарыхый жайды тазалашты

Image

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери  жаны окуу жылынын алдынан Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде ишембилик өткөрдү. 
    “Тарыхый мурасыбызды көздүн  карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү азыркы муундун милдети.  Биздин студенттердин демилгеси Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин короосун таштандылардан  арылтып,  тосмолорду сырдадык. Мындай демилгени мындан ары да улантабыз”, - дейт тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.Каримбаев.

Фото галерея