ОшМУда Август усулдук декадасы жыйынтыкталды

Anasayfa Haberler

ОшМУда Август усулдук декадасы жыйынтыкталды

Image

ОшМУнун жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен 2-3-4-сентябрь күндөрү Ош шаарындагы мектеп мугалимдери үчүн Август усулдук декадасы уюштурулду.

 Кеңешмеде окуу жайдагы методикалык, теориялык кафедралардан жалпы 56 мугалим доклад окуп, ага шаардагы  3000ден ашуун  мугалим катышты.

10-сентябрда Август усулдук декадасы ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде өткөн мектеп директорлорунун катышуусундагы жыйын менен аяктады.

Жыйында теория менен практиканы, мектеп менен жогорку окуу жайын байланыштыруу, педагогикалык кадрларды даярдоодо бирдиктүү иш алып баруу,  иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен окуу пландарга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча ойлор айтылды. Мектеп директорлору уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ЖОЖ мектепке усулдук жардам берип турса деген сунушун айтышты.

 

 

Фото галерея