Мелдештин жыйынтыгында Темирлан Нурбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо утту. Анын машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу Мирбек Рахманов.
Дүйнө кубогу 16–21-июль күндөрү Чехиянын Пардубице шаарында өттү. Анда тогуз коргоолдун классика, рапид, блиц түрлөрү боюнча Чехия, Монголия, Түркия, Испания, Украина, Венгрия, Германия, Орусия, Кыргызстан жана Казакстандан келген 60тан ашуун спортчу күч сынашты.
Темирлан Нурбеков окуу жайдын Тарых, юридика институтунун студенти. Ал тогуз коргоол боюнча республикалык жана эл аралык мелдештердин байге ээси. Ал буга чейин Кыргызстандын чемпионатында жана Азия биринчилигинде ийгиликтүү оюн көрсөтүп, Ош шаарынын курама командасынын курамында өлкө намысын коргоп келет.