Студенттер эл аралык симпозиумга катышты

Anasayfa Haberler

Студенттер эл аралык симпозиумга катышты

Image

3–4-июнь күндөрү Түркиянын Балыкесир университети менен ОшМУнун Чыгыш таануу институту тарабынан «Маданий мурастар» темасында Түрк дүйнөсүнүн биринчи эл аралык студенттик симпозиуму офлайн жана онлайн форматта өткөрүлдү.

Симпозиумга Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары катышышты.

Иш-чаранын алкагында Чыгыш таануу институтунун 10 студенти Кыргызстандын жана ОшМУнун атынан илимий баяндамалар менен чыгып, талкууларга катышышты.

Студенттердин илимий иштерине Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, чыгыш таануу кафедрасынын профессору Байболот Абытов, кафедранын окутуучусу Самаган Мырзаканова, ошондой эле директордун тышкы байланыштар боюнча орун басары, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Ыкыбал Маматибраим кызы илимий жетекчилик кылышты.

Симпозиум түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын изилдөө, студенттердин илимий тажрыйба алмашуусу жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi