ОшМУда “Күн балдарынын” жана алардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мастер-класс өткөрүлдү

Anasayfa Haberler

ОшМУда “Күн балдарынын” жана алардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мастер-класс өткөрүлдү

Image

30-май күнү Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника жана «Социум» клубу тарабынан 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата социалдык-укуктук багыттагы мастер-класс уюштурулду.
Иш-чара Ош шаарындагы «Үмүт планетасы» балдардын реабилитациялык борборунда өтүп, ага Ош шаары жана Ош облусунан келген Даун синдрому жана башка өзгөчө муктаждыгы бар жыйырмага жакын бала жана алардын ата-энелери катышты.
Мастер-класстын алкагында борбордун адистери катышуучуларга акысыз консультацияларды берип, бир жолку акысыз кызматтарды көрсөтүштү. Ошондой эле Ош шаарындагы «Фуд Тайм» кафесинде социалдык-маданий иш-чара уюштурулуп, балдардын көңүлдүү эс алуусуна жана алардын коомго интеграцияланышына шарт түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «КҮН НУРУ» суусундуктарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкер Уркуя Маманазаровага жана анын балдарына социалдык ишкердик жүргүзүү, каржылык сабаттуулук жана ишкердиктин укуктук негиздери боюнча кеңири консультациялар берилди. Кеңештерди менеджмент жана маркетинг кафедрасынын башчысы Талайбек уулу Тариэль, окутуучу Эсенали кызы Гүлзина жана Тарых-юридика институтунун улук окутуучусу Айпери Пирматова өткөрүштү.
Мындан тышкары, окутуучулар Кундуз Каримова, Дилбара Азизова, Дилнара Рустамова жана Дилшат Каримовалар катышуучулар менен иш алып барып, социалдык жана укуктук маселелер боюнча пайдалуу сунуштарын беришти.
Аталган демилге Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында Даун синдрому бар балдардын жана алардын ата-энелеринин укуктарын коргоого, социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышуусун колдоого багытталды.

fotoğraf Galerisi