Окутуучулар жана студенттер Өзбекстанда 12 жылдык окутуу боюнча тажрыйба бөлүштү 

Anasayfa Haberler

Окутуучулар жана студенттер Өзбекстанда 12 жылдык окутуу боюнча тажрыйба бөлүштү 

Image

ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары, эксперименталдык бүтүрүүчү 4-курстун студенттери Фергана мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.

Сапар 24-майда уюштурулуп, делегациянын курамында окутуучулар Айнагүл Бообекова, Каныбек Джанибаев, Нургүл Капарова, Элмира Ажиматова, Дастанбек Акбарали уулу, Гүлзат Мамат кызы болду. Алар аталган окуу жайдын табият таануу факультетинин студенттерине конок лекцияларды окуп, 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, окутуунун жаңы ыкмалары, практикалык көндүмдөр тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары эки окуу жайдын окутуучулары билим берүү программаларын өркүндөтүп, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана 12 жылдык билим берүү системасына ылайык адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар университеттин окуу-методикалык базасы, лабораториялары, билим берүү чөйрөсү менен таанышып, келечектеги биргелешкен илимий-методикалык долбоорлор боюнча пикир алышты.

fotoğraf Galerisi