Ош мамлекеттик университетинде студенттерге, окутуучуларга маалыматтык коопсуздук жана интернет алдамчылыктын алдын алуу боюнча жолугушуу өттү.
Иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ширин Расулов катышып, санариптик мейкиндиктеги коркунучтар тууралуу маалымат берди. Ал жарандардын банктык карталарынан, электрондук капчыктарынан жана мобилдик тиркемелеринен акчаны мыйзамсыз өздөштүрүүгө багытталган кеңири тараган интернет алдамчылык схемаларына токтолду.
Катышуучуларга шектүү аракеттердин белгилери, жеке маалыматтарды коргоо жолдору, социалдык тармактарды, онлайн-банкинг кызматтарын коопсуз пайдалануу эрежелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү студенттерди калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган ыктыярчы топторду түзүүгө чакырышты.
Иш-чара университеттин коопсуздук кызматы жана Ош шаардык милициясынын киберкоопсуздук бөлүмү тарабынан уюштурулду. Максаты жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, маалыматтык коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу болду.