Ошто улуттук кийимдердин тарыхы жана баалуулугу тааныштырылды

Anasayfa Haberler

Ошто улуттук кийимдердин тарыхы жана баалуулугу тааныштырылды

Image

Дизайн кафедрасынын улук окутуучусу Кимия Торогелдиева жана изилдөөчү Эрбол Кулманбетов шаар тургундарына кыргыз улуттук кийимдери боюнча жүргүзүлгөн илимий эмгектерди сунушташты.

Иш-чара Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде өтүп, ага шаар тургундары, жаштар, өнөр сүйүүчүлөрү катышты.

Кимия Торогелдиева менен Эрбол Кулманбетов эл арасынан чогултулган маалыматтардын негизинде кыргыз улуттук кийимдеринин тарыхы, өзгөчөлүктөрү, маданий баалуулугу тууралуу кеңири баяндама жасашты. Алардын айтымында, улуттук кийимдер жөн гана кийим эмес, элдин руханий дүйнөсүн, салт-санаасын, эстетикалык табитин чагылдырган баалуу маданий мурас болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга кыргыз улуттук кийимдеринин тарыхый өнүгүшү жана бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу маалымат берилди.

Кимия Торогелдиева белгилүү сүрөтчү жана дизайнер. Ал Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу, Евразия дизайнерлер союзу жана эл аралык чыгармачыл ассоциациялардын мүчөсү болуп саналат. Ошондой эле Казакстандын Улуттук дизайн академиясынын академиги. Торогелдиева республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө активдүү катышып келет.

fotoğraf Galerisi