Токио Олимпиадасы-2020

Anasayfa Haberler

Токио Олимпиадасы-2020

Image

ОшМУнун ректору К.Кожобеков:  Эзелтен элибиздин  алдыңкы улан-кыздары мекен намысын коргоп, улуттун улуулугун даңазалап келген.

Ушул күндөрү Күн чыгыш өлкөсү аталган Япониянын Токио шаарында олимпиада оюндары өтүп жатат.  Мекен намысын коргоого белсенген спортчуларыбыз мекенибиздеги ар бир жаранга болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч тартуулоо менен патриоттук сезимдерибизди козгоп жаткан чагы.

Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты да учурда  мелдешип  жаткан спортчулардын ийгилигине кубанып,  алардын  спорттук чеберчилигине, намыскөйлүгүнө,  өжөрлүгүнө тассирленип, жеңиш туусунун желбирөөсүнө үмүт артып турган чагы.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Сиздер сыяктуу мекендин намысына жараган мыкты улан-кыздарыбыздын катары өсө берсин!

 

                                                        

Фото галерея