30-мартта Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда Италиянын Болон университетинин илимий кызматкери, Борбор Азия боюнча адис, антрополог Пьетро Понтекорвонун онлайн форматтагы конок лекциясы өттү.
Иш-чарага студенттер, магистранттар, докторанттар жана профессордук-окутуучулук курам катышты.
“Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык байланыштары” деген темадагы лекцияда Понтекорво эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин өнүгүү этаптары, ошондой эле маданий жана илимий кызматташтыктын багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал учурдагы актуалдуу маселелерге да токтолду.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар кызыктырган суроолорун берип, лектордон жооп алышты.