ОшМУнун окутуучусу ОшМПУда конок лекция өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окутуучусу ОшМПУда конок лекция өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучусу Зарлыкбек Солтоев 26-мартта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин коллежинде конок лекция өттү.

Лекция “Уңгу жол – тарыхый контексте” темасында өтүп, ага окутуучулар жана студенттер катышты. Лектор улуттук тил, тарых, маданият жана нарк-баалуулуктардын коомдогу орду тууралуу айтып, алардын жаштар тарабынан колдонулушу жана дүйнөгө таанытылышы боюнча кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында студенттер арасында “Уңгу жол” багытында өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Конок лекция “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик – Уңгу жол” уңгужолу жарлыгынын алкагында уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi