Инклюзия багытындагы таймашта студенттер алдыңкы орунду алышты

Anasayfa Haberler

Инклюзия багытындагы таймашта студенттер алдыңкы орунду алышты

Image

Университеттин социалдык иштер адистигинин студенттеринен түзүлгөн LUMINA командасы 28-мартта өткөн «Бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей баалуулук» аталышындагы акыл таймашында байгелүү орундарды ээледи.

Команда китеп окуу конкурсу боюнча 1-орунду, ал эми акыл таймашта 2-орунду камсыз кылды.

Жеңүүчүлөр экинчи даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан тышкары «Инклюзия» студенттик илимий-практикалык ийриминин негиздөөчүсү, кафедра башчысы Нурзинат Токторбекова жана окутуучу Нурмира Карашевага ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чара 21-март – Даун синдромунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду. Таймаш Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өтүп, ага Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

fotoğraf Galerisi