17-мартта Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенттери жана педагогика кафедрасынын алдындагы «Креатив хаб» ийриминин активисттери Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектеп-интернатына барышты.
Алар балдарга майрамдык концерттик программа уюштуруп, Нооруз майрамы менен куттукташты. Ошондой эле балдар менен интерактивдүү оюндар өткөрүлүп, белектер тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар өспүрүмдөрдүн социалдык адаптациясына көмөктөшүп, келечектеги педагогдордун боорукердик, гумандуулук сапаттарын арттырууга жардам берет.
Ош шаарындагы №12 атайын көмөкчү мектеп-интернаты акыл-эси жагынан өнүгүүсү артта калган балдар үчүн адистештирилген коррекциялык билим берүү мекемеси болуп саналат. Мында өзгөчө муктаж балдар үчүн билим берүү жана социалдык адаптация иштери жүргүзүлөт.