Чет өлкөлүк студенттерге стартап жана бизнес баштоо боюнча тренинг өттү

Anasayfa Haberler

Чет өлкөлүк студенттерге стартап жана бизнес баштоо боюнча тренинг өттү

Image

Бизнес-тренинг «Стартап деген эмне? Бизнести нөлдөн кантип баштоо керек?» аталышында болду.

Окутууну ОшМУнун Бизнес паркынын кызматкерлери уюштуруп, 13-мартта Эл аралык медицина факультетинде өттү. Ага чет өлкөлүк студенттер жана кызматкерлер катышты. Аларга стартап долбоорлорду түзүүнүн негизги принциптери жана бизнести баштоонун этаптары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жаңы идеяларды табуу, бизнес-модель түзүү, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү алгачкы ресурстарды тартуу жолдору түшүндүрүлдү.

Спикерлер өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаш ишкерлер үчүн бүгүнкү күндөгү мүмкүнчүлүктөр, идеяны туруктуу бизнеске айландыруунун жолдору тууралуу айтып беришти. Уюштуруучулардын айтымында, мындай тренингдер студенттердин ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, практикалык тажрыйба алууга жана инновациялык идеяларды колдоого жардам берет.

fotoğraf Galerisi