Чыгыш таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытовдун «Алымбек Датка – неординарная личность, выдающийся государственный деятель» аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Ктептин бет ачары 11-мартта Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда өттү.
Иш-чарага институттун жана Тарых-юридика институтунун студенттери, магистранттары, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле Ош технологиялык университети менен Кыргыз-Өзбек университетинин тарыхчы окумуштуулары катышты.
Бет ачар аземинде университеттин илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Дилмурат Турсунов жана Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана башка тарыхчы окумуштуулар сөз сүйлөп, авторду куттукташты. Алар китеп тарых илимин изилдөөдө жана жаштарды тарыхый аң-сезимге тарбиялоодо маанилүү эмгек экенин белгилешти.
Китепте белгилүү тарыхый инсан Алымбек датканын мамлекеттик ишмердиги, коомдогу орду жана тарыхый ролу илимий негизде изилденип баяндалган.
Байболот Абытов 400дөн ашуун илимий макаланын, 12 монография жана китептин автору. Анын жетекчилиги алдында 11 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон. Ошондой эле эки докторлук диссертациянын илимий кеңешчиси болуп саналат.