Студенттерге экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Anasayfa Haberler

Студенттерге экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Image

10-мартта Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинде студенттер арасында терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк студенттер катышты.

Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келип, Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле радикализм, экстремизм жана терроризмдин коомго тийгизген терс таасири тууралуу айтылды. Адистер интернет жана социалдык тармактар аркылуу жаштарды экстремисттик уюмдарга тартуу коркунучу бар экенин белгилешип, мындай көрүнүштөрдөн сак болууга чакырышты.

Мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларга токтолуп, куралдуу жаңжалдардын кыйратуучу кесепеттери талкууланды. Адистер мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн радикалдык идеологиялардын жайылышына жол бербөө маанилүү экенин белгилешти.

Иш-чара жаштарды эл аралык террордук уюмдардын таасиринен коргоо, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана салттуу руханий баалуулуктарды, Кыргызстандын мыйзамдарын урматтоого үндөөгө багытталды. Жолугушууну университеттин Коопсуздук кызматы менен Эл аралык бөлүмү өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын 2021–2026-жылдарга карата концепциясын жана 2026-жылга чейинки иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында уюштурду.



 

fotoğraf Galerisi