ОшМУнун студенттери шаардагы жалпы ишембиликке катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенттери шаардагы жалпы ишембиликке катышты

Image

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында 7-мартта жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ага  Ош мамлекеттик университетинин бардык түзүмдөрүнөн 1000ге жакын студент катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө студенттер Алишер Новаи атындагы эс алуу багын жана Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалашты.

Ошто жазгы үч айлык өнөктүгү 1-марттан 31-майга чейин жарыяланган. Анын алкагында шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, ошондой эле аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо боюнча иштер жүргүзүлөт. 

fotoğraf Galerisi