19–27-февраль күндөрү ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун НОЭ (б)–4-22 тайпасынын студенттери КЛИЛ (мазмун жана тил боюнча интеграцияланган окутуу) программасы боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүштү. Бул ирет максаттуу тил катары орус тили тандалды.
Тестирлөө тилдик көндүмдөрдүн негизги багыттарын – лексика жана грамматика, окуп түшүнүү, жазуу, угуп түшүнүү, сүйлөгөнү камтыды. Баалоонун негизги максаты – студенттердин тилди кесиптик багытта колдоно алуу жөндөмүн аныктоо болду.
Иш-чаранын ачылышында институттун директору Замирбек Божонов көп тилдүү билим берүү заман талабына жооп берген адистерди даярдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал эми Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Инновациялык технологиялар жана өнүгүү борборунун директору Гүлмира Артыкбаева тилди интеграциялап окутуунун артыкчылыктарына токтолду.
Аталган институттун көп тилдүү билим берүү боюнча жетекчиси Айнура Жаркинбаева тестирлөөнүн жүрүшү жана максаты тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал КЛИЛ программасы студенттердин предметтик билимин тилдик компетенция менен айкалыштырып өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
КЛИЛ программасы студенттердин кесиптик билим алуусу менен бирге чет тилди практикалык деңгээлде колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.