21-февралда университетке караштуу Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун кыргыз филологиясы бөлүмүндө «Кышты утурлаган жаз» аттуу арт-терапиялык стартап иш-чарасы өттү.
Анда студент Гүлнур Турдуеванын жаңы стартап долбоору коомчулукка тааныштырылды. Долбоор сүрөт тартуу аркылуу эки жаштан баштап бардык курактагы адамдардын жан дүйнөсүн тынчтандырууга, стресстен арылууга жана боёктор дүйнөсү аркылуу ички бейпилдик табууга көмөк көрсөтүүнү максат кылат.
Иш-чара тууралуу маалыматтар алдын ала социалдык тармактарга жарыяланып, жыйынтыгында ага окутуучулар, студенттер, мектеп окуучулары жана бөбөктөр активдүү катышты.
Арт-терапия процессин уюштурууга студент Айназик Маматалиева да жигердүү катышты. Ал катышуучуларга практикалык багыт берип, иш-чаранын мазмундуу өтүшүнө салым кошту.
Мындай форматтагы жолугушуулар студенттердин стартап идеяларын ишке ашырууга шарт түзүү менен катар коомчулуктун маданий жана психологиялык абалын чыңдоого өбөлгө болору белгиленди. Иш-чара кыргыз филологиясы бөлүмүнүн стартап долбоорлору боюнча жооптуу окутуучусу, доцент Бактыгүл Байтикованын демилгеси менен уюштурулду.