ОшМУ Казакстандын бир катар ЖОЖдору менен кызматташуу келишимине кол койду

Anasayfa Haberler

ОшМУ Казакстандын бир катар ЖОЖдору менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Ош мамлекеттик университети Түштүк Казакстан мамлекеттик педагогикалык университети жана  Коркыт Ата атындагы Кызыл-Ордо университети менен  кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимге ылайык университеттер мындан ары билим берүү, илим, маданият  тармагында кызматташат. Келишимде окутуучуларды,  студенттерди, алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий байланыштарды чыңдоо, профессорлордун конок лекцияларын уюштуруу, орток илимий изилдөөлѳрдү жүргүзүү, илимий жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү багыттары камтылган.

 Кызматташтык келишимдерине кол коюу аземи Казакстандын Түркестан шаарында өттү.

 Учурда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков расмий делегациянын курамында  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин катышуусундагы конференцияга катышып жатат.

fotoğraf Galerisi