“Жылдын мыкты мугалими-2021” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынактарында ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү жеңишке жетти

Anasayfa Haberler

“Жылдын мыкты мугалими-2021” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынактарында ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү жеңишке жетти

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими-2021” жана  “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынактарында финалдык баскычка чыгып, жеңишке жетишкен ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайдын ыраазычылык катын тапшырды. 

«Жылдын мыкты мугалими-2021” сынагында финалдык баскычка чыккан 7 мугалимдин 4 мугалими ОшМУнун бүтүрүүчүсү болгон. Алар 1-орунду  ээлеген Капар Момуналиев, 3-орунду ээлеген Мөөргүл Мамытова жана финалга чыккан Айдана Кадырова, Мукадас Дооронова. 

Ошондой эле “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынагында 1- орунду ээлеген Маргарита Нагаева,  2- орунду ээлеген Нигора Маматалиева жана финалдык баскычка чыккан Гулнара Усманова, Дилорам Усманова.

Университеттин жалпы жамаатынын атынан ыраазычылыгын билдирген ректор окуу жайдын билим сапаты анда билим алып кеткен бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери, жетишкендиктери менен бааланарын, ОшМУ дайыма бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанарын белгиледи.

Фото галерея