ОшМУ Татарстандагы “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагы менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Anasayfa Haberler

ОшМУ Татарстандагы “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагы менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Орусиянын Татарстан Республикасында жайгашкан “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагы менен кызматташтыкты баштады. Бул аймак 2005-жылы жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгаруу үчүн түзүлгөн. Жалпы аянты — 3904 гектар.

Кызматташуу меморандумунун алкагында төмөнкү багыттарда биргелешкен иштер жүргүзүлөт:

  • “Алабуга Политех” жана “Алабуга Старт” программалары аркылуу дуалдык билим берүүнү ишке ашыруу;
     
  • студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү;
     
  • студенттерди өндүрүштүк практикага жана жумушка кабыл алууга шарт түзүү.

Келишим ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын 4–5-декабрда Татарстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө түзүлдү. Делегация курамында Бизнес парктын директору Эрлан Камалов,  Индустриалдык-педагогикалык колледждин директору Мирланбек Манашов, STEM инновациялык колледжинин директору Бегайым Абдылакимова, ОшМУнун окуу-өндүрүштүк комплексинин директору  Нурабидин Маразыков, "Next Generation HUB" борборунун директору Тилек Умаров болду.

Иш сапардын алкагында ОшМУ делегациясы “Алабуга” аймагына экскурсия кылып, “Алабуга Политех” борборунун иши менен таанышты. Алар студенттер үчүн түзүлгөн спорт зал, ассесмент борбору, коворкинг зоналары, лабораториялар жана окуу борборлорун көрүштү. Ошондой эле “Өнөр жай робототехникасы”, “BIM долбоорлоо”, “Химиялык анализ”, “Электротехника”, “Автоматика”, “Өнөр жай коопсуздугу”, “Бизнес-программалоо” багыттарында окуп, ошол эле аймактагы компанияларда иштеп жаткан студенттердин шарттары менен таанышты. Делегация мындан сырткары өндүрүш цехтериндеги технологиялык процесстерге да байкоо салды.

 

fotoğraf Galerisi