ОшМУда жугуштуу оорулардын алдын-алуу боюнча конференция өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда жугуштуу оорулардын алдын-алуу боюнча конференция өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде  “Заманбап жугуштуу оорулар: кыйынчылыктар, мүмкүнчүлүктөр, келечек” деген аталыштагы  1-көчмө илимий-практикалык конференция өттү.

 Конференцияда  Covid-19 инфекциясы, кан аркылуу жугуучу гепатит оорулары тууралуу илимий жаңылыктар айтылып,  алдын-алуу иштерин жүргүзүүгө кандай аракеттерди көрүүгө боло тургандыктары боюнча маалыматтар берилди. Мындай иш-чараны уюштуруудагы негизги максат  илимий иш менен дарылоо ишин айкалыштыруу болуп саналарын уюштуруучулар белгилешти.

Аталган конференция ОшМУ жана С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту, анын түштүктөгү филиалы  тарабынан уюштурулду.

Фото галерея