Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-орус билим берүү форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков эки темада баяндама жасады.
Биринчи баяндамасында Кыргызстандын жана Орусиянын медициналык билим берүү тармагындагы жетишкендиктери, кош дипломдуулук, биргелешкен долбоолор жана келечектеги чакырыктарга токтолду. ОшМУнун чет элдик өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялануу кадамдарын мисал келтирди.
Ошондой эле окуу жайдагы медициналык билим берүүнүн интернационалдаштырылышындагы тажрыйбасын айтып берди. Кожобеков бул багыт Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун баса белгиледи.
Ал эми билим берүү процессиндеги санариптештирүү, инновациялар боюнча жасаган баяндамасында ОшМУ төртүнчү муундагы университет катары окутуу сапатын жогорулатуу максатында заманбап санарип технологияларды, онлайн-платформаларды активдештирип жатканына токтолду. Мындан сырткары инновациялык окутуу ыкмалары жана автоматташтырылган башкаруу системалары студенттерге, окутуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп, билим берүү процессинин эффективдүүлүгүн арттырып жатканын кошумчалады.
Кыргыз-орус билим берүү форуму 23-сентябрда башталган. Бүгүн жыйынтыкталды.