Business and Hotel Management School (BHMS) өкүлү, Кыргызстандагы регионалдык менеджери Ovidiu Nica 16-сентябрда Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди.
Тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров менен болгон жолугушууда кызматташтык маселелери, биргелешкен билим берүү программалары жана эки дипломдуу долбоорлор талкууланды. Жолугушууда тараптар ОшМУда Швейцария борборун ачуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул борбор студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтет.
Эске салсак: BHMS бул Швейцариядагы бизнес жана мейманкана менеджменти мектеби. Ал бакалавриат, магистратура жана MBA программаларын сунуштайт. Программаларга дүйнөдөгү алдыңкы мейманканаларда акы төлөнүүчү стажировкалар киргизилген жана студенттерге Швейцария менен Британиянын кош дипломун алуу мүмкүнчүлүгү бар.