Ошто Мамырлы Эшбаев менен Умид Тешабаевдин «Устат-шакирт» көргөзмөсү өтүүдө

Anasayfa Haberler

Ошто Мамырлы Эшбаев менен Умид Тешабаевдин «Устат-шакирт» көргөзмөсү өтүүдө

Image

Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде «Устат-шакирт» аттуу көргөзмө ачылды. Анда Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ОшМУнун профессору Мамырлы Эшбаев менен маданияттын мыктысы, доцент Умид Тешабаевдин эмгектери коюлган. 

Көргөзмөдө эки сүрөтчүнүн эмгектери устат менен шакирттин диалогу катары  тартууланган. 15-сентябрда иш-чаранын ачылыш аземине ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча  проректору Нуржамал Мапаева, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Турдубаева, окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Көргөзмө 28-сентябрга чейин уланат. Каалоочулар барып тааныша алат.  

Мамыралы Эшбаев ОшМУнун  искусство факультетинин профессору, СССРдин жана Кыргызстандын сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү. Ошондой эле маданияттын жана билим берүүнүн мыктысы. Көптөгөн абройлуу көргөзмөлөрдүн дипломанты жана байге ээси болгон. Ал Борбор Азияда алгачкылардан болуп Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, ОшМУнун профессору Мырза Оморкуловдун студенттик эмгектеринен окуу-методикалык музей түзгөн. Анын эмгектери Ош облустук көркөм сүрөт музейинде жана Улуттук музейде сакталган. Мындан тышкары Кыргызстан, Орусия, Түркия, Индия, Австралия, Казакстан жана Өзбекстандагы жеке коллекцияларда бар.

Умид Тешабаев — ар тараптуу сүрөтчү. Ал пейзаж жана портрет сүрөтчүлүк менен катар интерьер дизайнында, замандаштарынын психологикалык портреттерин жаратууда өз талантын тартуулап келет. «Бүгүнкү Ош», «Кызым Машхура», «Замандаштардын портрети», «Сулайман Тоо», «Күзгү серенада», «Кечки Ош», «Түштүк кыз», «Жайлоодо», «Бегзад» чыгармаларынын автору катары таанымал. Ал көптөгөн сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды жеңген. 

 

fotoğraf Galerisi