Американын беделдүү журналында ОшМУнун медицина факультетинин коомдук саламаттык жаатындагы демилгеси жогору бааланды

Anasayfa Haberler

Американын беделдүү журналында ОшМУнун медицина факультетинин коомдук саламаттык жаатындагы демилгеси жогору бааланды

Image

ОшМУнун Эл аралык медицина факультети планетардык саламаттык жаатындагы аракеттери үчүн дүйнөлүк деңгээлде жогорку баага ээ болду. Planetary Health Alliance уюму чыгарган Жон Хопкинс университетинин Bloomberg коомдук саламаттык мектебинде (Вашингтон, АКШ) негизделген беделдүү журналда «Ош мамлекеттик университети Борбор Азияда ден соолук кыймылын куруп жатат» деген аталыштагы макала жарык көрдү. 

Макалада ОшМУнун бул тармактагы лидерлик орду өзгөчө белгиленген. Эл аралык медицина факультетинин бакалавриат, магистратура жана PhD программаларына Planetary Health (Планетардык саламаттык) ыкмасын ийгиликтүү интеграциялаганы, ошондой эле туруктуу тамак-аш, экология жана коомдук саламаттык жаатында эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатканы баса көрсөтүлгөн. Бул жетишкендик университеттин билим берүү, илим жана глобалдык көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө салым кошуудагы стратегиясынын ийгиликтүү жыйынтыгы катары белгиленет.