ОшМУнун студенти Жантөрө Мирзалиев дүйнө чемпиону

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенти Жантөрө Мирзалиев дүйнө чемпиону

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, бүгүн, 9-сентябрда окуу жайдын студенти, грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиевди кабыл алды.

Спортчу менен бирге Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Айбек Камалов жана тренери Сулайман Миңбаев келди. Кожобеков Мирзалиевди жеңиши менен куттуктап, анын жетишкендиги университеттин жамааты үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле окуусунда жеңилдиктер караларын кошумчалады.

Жантөрө Мирзалиев 17-24-август күндөрү Болгариянын Сомаков шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча U-20 өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган. Муну мене ал Кыргызстандын тарыхында алтынчы болуп дүйнө чемпиону аталды.

20 жаштагы Мирзалиев Ош облусунун Өзгөн районундагы Чымбай айылынан болот. Ал 2022-жылы 17 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан. 2023-жылы Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынса, 2025-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду камсыз кылып, Азия чемпиону аталган.

Жантөрө Мирзалиев учурда ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия адистигинде билим алат.






 

fotoğraf Galerisi