ОшМУнун жаш окутуучусу студенттерге 100 китеп белек кылды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун жаш окутуучусу студенттерге 100 китеп белек кылды

Image

 

Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучусу Мээргүл Асаналиева окуу жайдын борбордук китепканасына 100 китеп белек кылды. Бул китептер ага Оштогу “Русский дом” тарабынан өткөрүлгөн “Аялдар дүйнөнү өзгөртөт” аттуу сынакта баш байгени жеңип алгандан кийин тапшырылган.

Сынакка илим, билим, маданият жана коомдук чөйрөдө эмгектенип жаткан 100дөн ашуун айым катышкан. Анда ар бир катышуучунун жетишкендиктери, коомдогу ролу жана кошкон салымы бааланган. Жеңүүчүгө ыйгарылган 100 китепти Мээргүл Асаналиева өз каалоосу менен ОшМУнун студенттери үчүн белек катары тапшырды.

Китептер педагогикалык багыттагы студенттерге арналган болуп, алардын арасында орус тили жана адабияты боюнча окуу куралдары, ошондой эле белгилүү орус классиктеринин чыгармалары камтылган.

Аталган иш-чарада ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров сөз сүйлөп, окутуучуну жеңиши менен куттуктап, бул демилге жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.

fotoğraf Galerisi