Окутуучулар тажрыйба алмашты

Anasayfa Haberler

Окутуучулар тажрыйба алмашты

Image

ОшМУ, ОшТУ жана Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш илимдери институтунун окутуучулары Гүлбара Осекова, Санайым Тажикбаева, Сажида Анарбай кызы жана Гүлсүн Токторбаева 29-августта Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аккредиттелген санитардык-гигиеналык лабораториясына иш сапары менен барышты.

Анда алар заманбап илимий жабдуулар, жаңы лабораториялык технологиялар жана изилдөө ыкмалары менен таанышты. Лабораториянын кызматкерлери менен биргеликте жабдуулардын иштөө принциптерин өздөштүрүп, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүштү.

Сапардын жүрүшүндө айрым эксперименталдык жана компьютердик моделдөөгө негизделген изилдөөлөр лабораториянын шартында текшерилип, верификациядан өттү. Бул изилдөөлөр илимий иштердин ишенимдүүлүгүн жана сапатын арттырууга багытталган.

fotoğraf Galerisi