Эл аралык «Türk Forum 2026» программасы

Anasayfa Etkinlikler

Эл аралык «Türk Forum 2026» программасы

Image

Кыргыз Республикасынын студенттерин, жаш ишкерлерин, стартаперлерин, IT адистерин, окумуштууларын жана инноваторлорун технология, ишкердик, өнөр жай, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган «Türk Forum 2026» эл аралык программасына катышууга чакырабыз.

🟢 Катышуу акысыз!

Арыздар жеке катышуучулардан жана долбоордук командалардан түрк же англис тилдеринде кабыл алынат.

📅 Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 30-сентябры

Тандоо критерийлери: долбоордун инновациялуулугу, ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, технологиялык баалуулугу жана социалдык таасири.

Тандоо 3 этапта өтөт

1. Concept Note (концепциялык сунуш);

2. Долбоорду деталдуу иштеп чыгуу;

3. Финалдык презентация.

🏆 Финал: 2026-жылдын 9–11-декабрында Анкара шаарында (Түркия) өтөт.

💰 Байге фонду:

🥇 I орун — 250 000 TL

🥈 II орун — 150 000 TL

Чет өлкөлөрдөн келген финалисттер үчүн командадан 3 катышуучунун чыгымдарын жабуу каралган.

📩 Арыз берүү үчүн: [proje@ivedikosb.org.tr](mailto:proje@ivedikosb.org.tr)

🔗 Кененирээк маалымат:* https://turkforum.ivedikosb.org.tr/