Форум: ОшМУ 12 жылдык окутууга коллеждерди даярдоо боюнча сунуштарды берди

Anasayfa Etkinlikler

Форум: ОшМУ 12 жылдык окутууга коллеждерди даярдоо боюнча сунуштарды берди

Image

Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте «Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү: абалы жана келечеги» деген аталаштагы форум өтүп жатат. Ага Ош мамлекеттик университетинин академиялык иштер бөлүмүнүн башчысы Жанара Кыдыршаева, коллеждердин директорлору  катышууда.

Индустриалдык-педагогикалык коллежинин директору Мирлан Манашов педагогика багытында окуу программаларын жаңылоо тууралуу айтты. Ал 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн талаптарын түшүндүрдү. 

Форумда коллеждер үчүн бирдиктүү мейкиндик түзүү, адистиктердин тизмесин жаңылоо маселеси каралды. Бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү боюнча сунуштар айтылды. Мындан тышкары дуалдык билим берүү, академиялык мобилдүүлүк, кош диплом берүү, сабакка санариптик технологияларды киргизүү талкууланууда. Катышуучулар «Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ассоциациясы» уюмуна кирүү жолдорун карашты.

Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, коллеждердин жетекчилери, аккредитациялык агенттиктер, иш берүүчүлөр чакырылган. Форум орто кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жолдорун табуу, көйгөйлөрдү чечүү жана мындан аркы кызматташтыкты аныктоого багытталган.